Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Ала-Бука районунда 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго райондун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берилгенде белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,4 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 10,9 млрд сомго жеткен.
Ошондой эле райондо өндүрүштү өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.