Акыркы коңгуроо. Борбор калаада рейд өтүп, 36 өспүрүм аныкталды

Коом 695 27 Май 2025 17:11
495689875_1141937677982085_3394138715896244148_n.jpg
499784660_1141937644648755_1395753638983321081_n.jpg
499927081_1141937641315422_4378720488049742665_n.jpg
500126749_1141937527982100_3569876544494148933_n.jpg
499941358_1141937534648766_4406623922924197135_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бишкекте 26-майда жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коомдук жайларда түнкү рейддер өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө кафе, ресторандар, шаардын борбордук аянты, Ынтымак паркы ж.б. коомдук жайлар текшерилди.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларынын администрациялары менен жашы жете электерге карата мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча, өзгөчө массалык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Түнкү рейддердин жыйынтыгында акт түзүлүп, мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилген 36 өспүрүм аныкталып, тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлдү.