Президент: “Акылман” лицейи – зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу

Билим 11 сентябрь 2026 11:05
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. “Акылман” лицейи зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарында “Акылман” лицейинин ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул лицейлерден мекенчил уул-кыздар тарбияланып чыгышы керек.

“Жер-жерлердеги өзгөчө жөндөмдүү балдарды топтоп алардын талантын ачуу мезгил талабы. Мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей да өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем. Бул лицейлерден заманбап билим алуу менен катар улуттук нарк-насил, мекенчилдик жана адамдык бийик сапаттарды айкалыштырган уюткулуу элибиздин уңгужолун улаган кыргыз жараны, мекенчил уул-кыздары тарбияланып чыгышы керек”, - деп айтты өлкө башчысы.

Видеонун автору Диана Айдарова “Кабар” агентти