Активист Канышай Мамыркулова кармалды. Милиция маалымат берди

Коом 1650 20 Март 2025 23:03
89d738e9-8ea3-4c1d-baab-85d32017a770.jpeg
111bc198-79f4-4cef-b50a-cc3aae1a757d.jpeg
35fcdfd2-ed14-4835-a3b1-91d3fcd6cb24.jpeg
9b2923c4-3ebd-41fd-a5c9-8c47413711e1.jpeg
b247b934-84f1-4ff9-9d31-8fcb238dc2be.jpeg
1e918537-b355-4549-8c8e-b637289f26f2.jpeg
d59ac2e4-dcc4-4d80-a482-0266a7f57cd6.jpeg
c3955361-95a5-4d74-85fc-1019e217f606.jpeg
42d74e57-a7c0-42da-affc-dc571722ca27.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бишкек ШИИББнын милиция кызматкерлери тарабынан массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды.

Милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда, Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан- Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган.

Маалымат, соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1975-жылы туулган К.М., аттуу шектүү аныкталып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул эле жаран мурда орун алган Кыргыз- Өзбек республикаларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралган.

Учурда бул кылмыштуу аракеттерге катыштыгы бар атуулдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.