АКШлык эксперттер Бишкектеги технологиялык стартаптарга колдоо көрсөтөт

Билим Загрузка... 07 Июль 2026 11:25
1068451587_0_0_3072_HjmO4rT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. 13-15-июль аралыгында Бишкек шаарында Кыргызстандын технологиялык стартаптарын колдоо программасы өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Иш-чара АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы (CLDP) менен биргеликте уюштурулууда.

Программанын алкагында АКШнын Соода министрлигинин жана Корнелл университетинин эксперттеринин катышуусунда окутуу семинары уюштурулат. Анда технологияларды коммерциялаштыруу, трансферлөө, интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды рынокко алып чыгуу маселелери талкууланат.

Кийинки күндөрү кыргызстандык иштеп чыгуучулар (разработчиктер) өздөрүнүн долбоорлорун англис тилинде 10 мүнөттүк тааныштыруу форматында жактап беришет.

Долбоорлордун жыйынтыгы боюнча стартаптар бизнести өнүктүрүү боюнча жекече кеңештерди алышып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жолдорун үйрөнүшөт. Ошондой эле америкалык компаниялар жана инвесторлор менен өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Министрликтен белгилешкендей, аталган программага катышууну каалагандар алдын ала онлайн-өтүнмө толтуруулары зарыл.