Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда гилас өстүрүүдө экспортко ылайыктуу "Реджина", "Стаккато" жана "Скина" сортторун тандоону сунуштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган сорттор кеч бышат, мөмөсү ири, тыгыз жана ташууга туруктуу болгондуктан рынокто суроо-талап жогору.

Дыйкандарга көчөт сатып алууда анын питомнигин, сорттук күбөлүгүн жана фитосанитардык документтерин текшерүү сунушталды. Жергиликтүү шартка ылайыкташкан сертификатталган көчөттөрдү тандоо маанилүү.
"Туура агротехнология сакталса, 1 гектар гилас багынан орточо 18-20 тонна түшүм алууга болот. Быйыл айрым мезгилдерде гиластын баасы 400-600 сомго чейин жеткен", - деп айтылат маалыматта.
Адистер сапаттуу көчөт тандоо, өз убагында сугаруу, азыктандыруу жана туура бутоо мол түшүмдүн негизги шарттары экенин белгилешет.