Аймактарда азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп, Караколдо социалдык аянтча ачылды

Коом 534 07 Февраль 2025 14:55
579f0bdf-61c3-496b-825a-0ff3b59a489f.jpeg
475980798_1788330995342205_281640035961196043_n.jpg
476370044_1788331502008821_1618790678063943700_n.jpg
475979918_1788331842008787_3758788198522433580_n.jpg
476272047_1788331795342125_4257882639631513832_n.jpg
476273875_1788331818675456_891273957119991455_n.jpg
475996730_1788331422008829_1721709243829365473_n.jpg
476129766_1788331555342149_3657812582358234508_n.jpg
476156017_1788331098675528_3817255420769384314_n.jpg
475480445_1788331465342158_1903402273272867404_n.jpg
475979766_1788331035342201_2746165815594564528_n.jpg
26922130-401e-411a-a1a2-db9c2e619243.jpeg
54e6c761-8e66-4f61-8c77-cc494f72151a.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп, Караколдо социалдык аянтча ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкелер өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун сактоо, социалдык маанидеги айыл чарба товарларына болгон бааны туруктуу кармоо жана жарандарды арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында уюштурулууда.

Учурда жарманке Сузак, Өзгөн, Ноокен, Алай, Кара-Кулжа райондорунда өтүп жатат. Мисалы, уй эти – 550-600 сомдон, ал эми кой эти 600-630 сомдон сатылууда.

Ошондой эле министрлик тарабынан айрым аймактардагы базарларда уюштурулган социалдык аянтчалар да иштеп жатат. Бүгүн биринчи жолу Каракол шаарында социалдык аянтча уюштурулду. Мында эттин баасы салыштырмалуу арзан баада сатылат. Мисалы, уй эти 550, кой эти – 600 сом болууда.