Айлыгы 1,2 миң евро. Айдоочуларды Словакияда ишке орноштурууга каттоо жүрүүдө

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 17:50
45-768x490.original.jpg
copyright icon www

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору айдоочуларды Словакияда жумушка орноштурууга талапкерлерди каттоо башталгандыгын билдирди.

Борбордон маалымдашкандай, бул жарыянын алкагында 50 айдоочу чакырылууда, анын ичинен 15и тандоонун жыйынтыгынан кийин жумушка орноштурулат.

Талапкерлерге карата талаптар:

  • Жаш курагы - 22-50 жаш ;
  • Соттолбогон;
  • Өнөкөт оорулары жок ;
  • 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорт болушу талап кылынат;

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.

Иштин шарттары жана эмгек маянасы:

  • Айлык акысы: саатына 7,40 евродон өйдө;
  • Бир айдагы орточо киреше: 1200 евродон жогору (салыктарды чыгаргандан кийин);
  • Туруктуу европалык транспорттук компанияда иштөө;
  • Социалдык кепилдиктер жана документтерди расмий түрдө каттоо.

50 талапкер кабыл алынгандан кийин, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат. Каттоого шилтеме www.migrant.kg расмий сайтында.