Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Биринчи айым Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Айгүл Жапарова куттуктоо сөзүндө лицейде Кыргызстандын жети дубанынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатышканын белгиледи.
"Кайсы доорду албайлы, таалим-тарбия, билим аркылуу гана коомдо өнүгүү болгондугу, билим аркылуу гана чоң ийгиликтер жаралгандыгы белгилүү", - деди биринчи айым.
Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө бийик максаттарга жетүүдө ийгиликтерди жана келечегине чоң жеңиштерди каалады.