Бишкек , 09.04.25. /Кабар/. 9-апрелден 11-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Ош – Сары-Таш – Эркештам (Талдык ашуусу) унаа жолунун 160-179-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек. Зарыл болбосо жолго чыкпай турууга жана кар көчкүлөрдөн сак болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.