Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстанлын Америкадагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол башчысы Эбигейл Джонско ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанат АКШ президентинин конок үйү - Блэр Хауста өттү.
Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу аземинде элчи Молдогазиев кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол башчысынын милдетин аткаруучу элчини бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кыскача талкуулап, мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.