Аида Сейдакматова Судьялар кеңешинин төрайымы болуп шайланды

Коом 1144 07 Март 2025 11:48
IMG_3381.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3389.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3391.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3394.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3397.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3400.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3385.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
IMG_3381.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3389.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3391.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3394.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3397.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3400.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_3385.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Судьялар кеңеши

Бишкек,07.03.25./Кабар/. Күн мурун Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отурумунда Судьялар кеңешинин төрайымы шайланды.

Мекемеден билдиришкендей, Судьялар кеңешинин регламентине ылайык, биринчи отуруму Судьялар кеңешинин улуу мүчөсү Турсунгүл Чаргынованын төрагалыгы астында өтүп, анын жүрүшүндө Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен үч жылдык мөөнөткө шайлады.

Судьялар кеңешинин төрагасы болуп Жогорку соттун судьясы Сейдакматова Аида Асанбековна, ал эми төраганын орун басары болуп Чүй облусунун административдик сотунун төрагасы Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич шайланды.

Аида Сейдакматова буга чейин Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон. «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 11-пунктуна ылайык, анын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары 2025-жылдын 5-мартында өткөн судьялардын курултайында Судьялар кеңешинин курамына шайлангандыгына байланыштуу токтотулган.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңешинин бул курамы 5-мартта өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII курултайында шайланышкан.