Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында иш күнү кантип башталарын айтып берди.
Министрдин айтымында, эртең менен тамактан соң, жумушка чейин бир саат жөө сейилдеп басып келет.
Ал жумушуна келгенде алгач электрондук документ алмашуу системасын ачат. Күндүн башында кароого 15 документ келип түшкөн. Тиешелүү бөлүмдөр тарабынан каралгандан кийин документтер министрге кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
"Мен компьютеримдин сыр сөзүн эч ким менен эч качан бөлүшпөйм, анткени документтер абдан маанилүү. Кээде кээ бир жетекчилер бул ишти жардамчыларга тапшырышат, бирок менин сыр сөзүмдү эч ким билбейт. Мен аны улам өзгөртүп турам", - деди Кендирбаева.