Агартуу министри "Ак Суу" лицейине күтүүсүз барды

Билим 19 10 Август 2026 09:20
15_01_3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 8-августта “Ак Суу” республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейине күтүүсүз барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, жамаат менен мекемени өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулады. Анын ичинде имаратты капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы корпус куруу, окуу-методикалык жабдуулар менен камсыздоо жана билим берүү процессин уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана лицейдин иш берүүчүлөр, туристтик тармактын өкүлдөрү менен кызматташуусун күчөтүү багыттары талкууланды.

Жыйынтыгында лицейди мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Белгилей кетсек, лицей 2026-2027-окуу жылына алгачкы абитуриенттерди кабыл алууда.