Адылбек Касымалиев өрттөн жабыркаган Кардиохирургия институтуна барды

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Февраль 2025 18:18
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өрттөн жабыркаган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барды.

Адылбек Касымалиев институттун имаратына жана жабдыктарына келтирилген зыяндардын масштабы тууралуу маалымат алды. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жабыркагандардын ден соолугунун абалы, жүргүзүлүп жаткан дарылоо иштери жана аларды реабилитациялоо үчүн керектүү ресурстар жөнүндө кеңири маалымат берди. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Алмаз Мамбетов өрттү жоюу, анын ичинде тартылган техниканын саны жана адамдарды куткаруу боюнча отчет берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы институттун дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирди, алар көмүр кычкыл газына ууланганына карабастан, эрдик көрсөтүп, бейтаптардын өмүрүн сактап калышты.

Адылбек Касымалиев жабыркагандарды тез арада сакайтуу жана толук калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык каражаттар менен камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилеп, мындай окуяларга мындан ары жол берилбеши керектигин билдирди.

Адылбек Касымалиев өрттүн кесепеттерин тез арада жоюу жана келечекте мындай инциденттердин алдын алуу максатында төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:

Ведомстволор аралык комиссия тез арада бир жуманын ичинде өрттүн себептери жөнүндө корутунду берсин, келтирилген зыянды биротоло бааласын жана институтту калыбына келтирүүнүн деталдуу планын иштеп чыксын.

Саламаттык сактоо министрлиги жабыр тарткандарды толук көлөмдө зарыл болгон дарылоо, реабилитациялоо жана психологиялык колдоо менен камсыз кылсын, ошондой эле комиссияга бардык зарыл маалыматтарды берсин.

Финансы министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде институтту калыбына келтирүү жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени ыкчам карасын.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына контролду күчөтсүн жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзсүн, ошондой эле өрт коопсуздугунун чараларын күчөтүү боюнча сунуштарды берсин.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 7 күндүн ичинде имараттын техникалык абалы жана аны калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берсин.

"Болгон трагедия социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Мындай көрүнүш эч качан кайталанбашы үчүн биз колдон келгендин баарын жасашыбыз керек", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Минкаб башчысы мындай трагедиялардын кайталанышына жол берилбестигин баса белгилеп, бардык жооптуу ведомстволорго бул тапшырмалардын кыйшаюусуз аткарылышын камсыздоону, ошондой эле коюлган милдеттердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчет берип турууну тапшырды.