Адылбек Касымалиев Ош облусундагы бала бакчалардын ачылыш аземине катышты

Министрлер кабинети 1387 24 Январь 2025 09:00
67923f001c334-thumb.jpeg
67923f2a3034f-thumb.jpeg
67923f2d274d3-thumb.jpeg
67923f2f8340a-thumb.jpeg
67923f3ad0a4a-thumb.jpeg
67923f3ede12c-thumb.jpeg
67923f4bb26b5-thumb.jpeg
67923f4cd5ba5-thumb.jpeg
67923f5b584db-thumb.jpeg
67923f07deac4-thumb.jpeg
67923f39aa89d-thumb.jpeg
67923f45d02ad-thumb.jpeg
67923f59da7e5-thumb.jpeg
67923f420f664-thumb.jpeg
67923f441a1df-thumb.jpeg
67923f2869cbc-thumb.jpeg
67923f3285b22-thumb.jpeg
67923f3372c73-thumb.jpeg
67923f5295e7e-thumb.jpeg
67923f5442222-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67923f001c334-thumb.jpeg
67923f2a3034f-thumb.jpeg
67923f2d274d3-thumb.jpeg
67923f2f8340a-thumb.jpeg
67923f3ad0a4a-thumb.jpeg
67923f3ede12c-thumb.jpeg
67923f4bb26b5-thumb.jpeg
67923f4cd5ba5-thumb.jpeg
67923f5b584db-thumb.jpeg
67923f07deac4-thumb.jpeg
67923f39aa89d-thumb.jpeg
67923f45d02ad-thumb.jpeg
67923f59da7e5-thumb.jpeg
67923f420f664-thumb.jpeg
67923f441a1df-thumb.jpeg
67923f2869cbc-thumb.jpeg
67923f3285b22-thumb.jpeg
67923f3372c73-thumb.jpeg
67923f5295e7e-thumb.jpeg
67923f5442222-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Нариман айылындагы жана Кара-Суу шаарынын Тельман айылындагы бала бакчалардын ачылыш аземине катышты.  

Нариман айылындагы бала бакча 120 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы башталган.  

Ал эми Тельман айылындагы бала бакча 140 орунга ылайыкташкан. Анын курулушу да 2023-жылы башталган.  

Министрлер кабинетинин төрагасы мектепке чейинки жаңы мекемелерди көрүп чыгып, балдар кандай шарттарда билим ала тургандыгы менен таанышты.  

Адылбек Касымалиев белгилегендей, айылдарда бала бакчалардын ачылышы балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуудагы негизги кадам болуп саналат.  

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда балдардын эрте өнүгүүсүн камсыздоо боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакчалардын ачылышы облустун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Биз ар бир балага кичинекей кезинен тарта өз дараметин ишке ашырууга шарт түзгөн чөйрөнү түзүүгө умтулабыз”, – деди ал.