Адылбек Касымалиев Дубайда Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ачылышына катышты

Министрлер кабинети 2094 11 Февраль 2025 14:40
67ab0a94924a3-thumb.jpeg
67ab0a9517cfa-thumb.jpeg
67ab0b2dca5bc-thumb.jpeg
67ab0b2dc76d1-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ab0a94924a3-thumb.jpeg
67ab0a9517cfa-thumb.jpeg
67ab0b2dca5bc-thumb.jpeg
67ab0b2dc76d1-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына иш сапарынын алкагында Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ачылышына катышты. 

Белгилей кетсек, минкаб башчысы саммиттин алкагында “Түптөлүп келе жаткан глобалдык таасир” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда. 

2025-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Өкмөт Саммити “Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу” темасына арналат. Иш-чарага 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар, 80ден ашык эл аралык уюмдар жана алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышууда. Саммиттин максаты - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдүн натыйжалуу жолдорун табуу.