Абадагы ыш менен түтүн онкологиялык ооруларга да алып келет - дарыгер

Ден соолук Загрузка... 03 Февраль 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-01-31 at 14.47.18.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. / Кабар/. Абадагы ыш менен түтүн онкологиялык ооруларга да алып келет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Онкология жана гематология улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Нурбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө онкологиялык оорулар саны боюнча да, сапаты боюнча да чоң өзгөрүүлөргө ээ. Жалпы жолунан алганда өлкөдө рак илдетине чалдыккандардын саны 30 миңге жетти.

“Саны боюнча азыр 6 миңден ашуун адам рак оорулары менен катталууда. Бул жаңы катталгандардын саны. Мурунтан ооруп жүргөндөдү эсепке албаганда. Онкологиялык ооруларга эмнеге чалдыгып жатышат? Бул суроого бир нече жооп бар. Бирок эң эле негизги себеби катары азыркы учурда жаман аба болуп жатат. Абадагы ыш менен түтүн онкологиялык оорулардын бирден-бир себеби болуп жатат”,-деди ал.