6-кабаттан кулаган үй-бүлө. Кылмыш иши ИИМ башчысынын жеке көзөмөлүндө

Коом 1111 08 Апрель 2026 17:05
668076572_1346344604181204_224827242064345355_n.jpg
663272677_1346344610847870_7649954925023352413_n.jpg
667797020_1346344617514536_6385780088438916397_n.jpg
Алдыга
Артка
668076572_1346344604181204_224827242064345355_n.jpg
663272677_1346344610847870_7649954925023352413_n.jpg
667797020_1346344617514536_6385780088438916397_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бишкекте Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон келиндин ата-энеси менен Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда маркумдун туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары жөнүндө кенен маалымат берилди. Суроолоруна түшүндүрмөлөр айтылды.

Каза тапкан келиндин ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин билдиришти.

Белгиленгендей, аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө турат.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.