Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Ош облусунан 400дөн ашык катышуучу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна келди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустун делегациясы Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук жана маданий иш-чараларга катышууга толук даяр.
Кырчын жайлоосунда Ош облусунун өргөөсүндө 20 боз үйдөн турган улуттук конок үйлөрү уюштурулду. Алар аркылуу кыргыз элинин көчмөн цивилизациясына таандык маданияты көрсөтүлүп, келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Ош облусунун маданий программасы да улуттук салт-санаа жана чыгармачылык менен коштолот.
Анын алкагында Ош драма театрынын артисттери “сөйкө салуу” салтын сахналаштырып көрсөтүшөт. Ал эми Ош облустук филармониясынын артисттери ыр сынактарына катышып, өздөрүнүн вокалдык чеберчилигин тартуулашат. Мындан тышкары, Ош облусунун делегациясы саркечтер сынагына да катышат.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүүдө. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышып, улуттук спорттук оюндарда күч сынашып, маданий мурастары менен таанышып, тажрыйба алмашууда.