Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 31-декабрда Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер жыйынтыкталды.
28-декабрда Ала-Тоо аянтында “Семетей” ыр-бий ансамбли эстрадалык, фольклордук жана элдик номерлерди аткарышып, чыгармалар майрамдык атмосфераны жаратты.