3-класстардын “Табигый илимдер” окуу китебинин экинчи бөлүгү басылып чыкты

Билим Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. 3-класстар үчүн “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплексинин жалпы 178 миң 512 нуска экинчи бөлүгү басылып чыкты.

“Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, анын ичинен аталган окуу китеби кыргыз тилдүү мектептер үчүн - 103 754 нускада, ал эми орус тилдүү мектептер үчүн - 74 758 нускада басылды.

Буга чейин ушул эле окуу китебинин биринчи бөлүгү да 178 512 нускада басылып чыгып, өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилген.

Атап айтканда китептин биринчи жана экинчи бөлүгү биригип, жалпы 357 024 нускада даярдалды. Алдыда алар өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилет.