29 миң $. Чолпон-Атада УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 27 Февраль 2025 14:49
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын тургуну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алуусун суранып, УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган.

25-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.