2024-жылы өлкөдө 559 үй-бүлө жана 3 482 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган

Загрузка... 10 Февраль 2025 09:00
667116d47e575.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. 2024-жылы турмуштук оор кырдаалдан 559 үй-бүлө жана 3482 бала чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарга туш болгон 6150 бала аныкталган.

"Ар бири үчүн алардын бакубаттулугун жана коопсуздугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын комплексин камтыган “Баланы коргоо боюнча жекече иштөө планы” иштелип чыккан жана бекитилген. Жалпысынан мындай пландардын 3325и бекитилип, анын аркасында 3482 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 2024-жылы турмуштук оор кырдаалда турган 943 үй-бүлө аныкталган. Бул үй-бүлөлөр үчүн 601  “Үй-бүлө менен жеке иштөө планы” иштелип чыккан,  натыйжада 559 үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан ийгиликтүү чыгарылды.

Мындай натыйжа аймактык бөлүмдөрдүн үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрүнүн аракеттери, ошондой эле тиешелүү түзүмдөрдүн макулдашылган биргелешкен иши аркылуу жетишилди.