12 жылдык билим берүү. Жаңы окуу жылында кайсы класстар "аттай" турганы белгилүү болду

Билим Загрузка... 18 Февраль 2025 21:25
2024-01-15_11-45-02_103490.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.25./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылында кайсы класстар "секирерин" айтып берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда билим берүү системасынын жаңы улуттук моделине өтүү жүрүп жатат.

Реформанын алкагында 2025-2026-окуу жылында бир катар класстар "секиришет".

Ошентип, 6-класстын окуучулары 8-класска, ал эми 3-класстын окуучулары 5-класска көчүшөт.

"Жаңы окуу жылында калган класстарда өзгөрүү болбойт", - деп айтылат маалыматта.