Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда мамлекеттер аралык байланыштардын ырааттуу өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын баса белгиледи. Ал ошондой эле кызматташтыктын экономикалык багытында өз ара сооданын туруктуу өсүшү, товарлардын номенклатурасы кеңейип, экспорт менен импорттун көлөмү көбөйүп жатканын белгиледи.
Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жылуу куттуктоосун жана жакшы каалоо-тилектерин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге жеткирип, бүгүнкү күндө мамлекет башчыларынын бекем саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери эки өлкөнүн боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берээрин кошумчалады.
Өз кезегинде Абдулла Арипов Адылбек Касымалиевди Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады. Абдулла Арипов Өзбекстанга келип, IV Ташкент инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук-логистикалык өз-ара аракеттешүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Суу-энергетикалык өнөктөштүк, өнөр жай кооперациясы жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.