Кыргызстан жасалма интеллектти мамлекеттик процесстерге интеграциялоону максат кылат

Министрлер кабинети 1615 31 Январь 2025 17:45
679c9d9c6a71f.jpg
679c9da0aedb3.jpg
679c9da12b08d.jpg
679c9da021f58.jpg
679c9d9f9edf8.jpg
679c9d9e4603b.jpg
679c9d9d16ea2.jpg
679c9d9cbd3e1.jpg
679c9d9ad2d09.jpg
679c9d9b7c6a4.jpg
679c9d9a8f74b.jpg
679c9d999e9cb.jpg
679c9d98bceb7.jpg
679c9d980fb8a.jpg
679c9d97c16a6.jpg
679c9d96644af.jpg
679c9d967502a.jpg
679c9d954da59.jpg
679c9d94beed3.jpg
679c9d942b528.jpg
Алдыга
Артка
679c9d9c6a71f.jpg
679c9da0aedb3.jpg
679c9da12b08d.jpg
679c9da021f58.jpg
679c9d9f9edf8.jpg
679c9d9e4603b.jpg
679c9d9d16ea2.jpg
679c9d9cbd3e1.jpg
679c9d9ad2d09.jpg
679c9d9b7c6a4.jpg
679c9d9a8f74b.jpg
679c9d999e9cb.jpg
679c9d98bceb7.jpg
679c9d980fb8a.jpg
679c9d97c16a6.jpg
679c9d96644af.jpg
679c9d967502a.jpg
679c9d954da59.jpg
679c9d94beed3.jpg
679c9d942b528.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Биздин максат-туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана глобалдык технологиялык күн тартиптеги Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн жасалма интеллектти мамлекеттик процесстерге системалуу жана масштабдуу интеграциялоо, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Digital Almaty 2025 эл аралык санариптик форумунун пленардык сессиясынын алкагында сүйлөп жатып. 

Министрлер кабинетинин башчысы 10 жылдан ашуун убакыттан бери санариптик трансформация Кыргызстан үчүн стратегиялык артыкчылык болуп саналаарын белгиледи. 

"Улуу окумуштуу жана философ Аль-Фараби айткандай: "Төрт тарабы төп келишүү бул коомдун жыргалчылыгына алып баруучу билимге жетүүдө". Бул билдирүүдө ийгиликтүү санариптештирүү технология гана эмес, аны адамдардын жыргалчылыгы үчүн колдонуу дагы баса белгиленет. Бул контекстте Мен жасалма интеллект маселесине токтолгум келет. Жасалма интеллект биздин жалпы приоритетибиз, ал бүгүнкү күндө дүйнөлүк технологиялык ландшафттын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Биздин өлкөлөр үчүн анын потенциалын пайдалануу гана эмес, технологиялык прогресстин активдүү катышуучулары болуу да маанилүү. Мисалы, "Акылай" жасалма интеллект Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизденип жана мамлекеттик тилде жооп берүү менен жарандарга Юриспруденция жана финансы маселелери боюнча ийгиликтүү кеңеш бере баштады. Илимдер академиясында жогорку технологиялар паркы жана атамекендик стартаптардын бири менен биргеликте суу ресурстарын жана алардын көйгөйлөрүн жасалма интеллектти колдонуу менен изилдөө демилгеленди", - деген ал мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонууга умтулууну баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев жасалма интеллект боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн, ал алдыңкы технологияларды киргизүүнүн жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуунун негизги платформасы экенин айтты. Жакын арада жасалма интеллект боюнча улуттук стратегия - биздин өлкө үчүн жогорку технологиялык келечекти түзүүгө жол боло турган документ бекитилет. Бул стратегия Жасалма интеллекттин негизинде локалдуу продуктуларды өнүктүрүүгө, экономиканын ар кандай секторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана коомдун алдында турган актуалдуу чакырыктарды чечүүгө багытталат.

"Биздин максат — туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана глобалдык технологиялык күн тартиптеги Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн жасалма интеллектти мамлекеттик процесстерге системалуу жана масштабдуу интеграциялоо. Биз ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кооперацияны күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз, ал үчүн төмөнкү кадамдарды сунуштайбыз: билимди, ресурстарды жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн платформа боло турган жасалма интеллекттин аймактык хабын түзүү, жарандардын маалыматтарын коргоону камсыз кылуу үчүн жасалма интеллектти жөнгө салуунун аймактык стандарттарын иштеп чыгуу, ошол эле учурда инновацияларды стимулдаштыруу, технологиялык тоскоолдуктарды четтетүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуунун аймактык борборлору аркылуу эсептөө кубаттуулугуна жетүүнү камсыз кылуу", - деди ал. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын пикири боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ийгиликтүү санариптик трансформациясы үчүн санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу, стартаптарды жана инновацияларды колдоо, киберкоопсуздук сыяктуу багыттарга басым жасоо зарыл. 

Адылбек Касымалиев глобалдык санариптик хаб болууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Бул контекстте ал аймактык долбоорлорду башкаруу жана стратегияларды тегиздөө үчүн бирдиктүү координациялык орган түзүүнү сунуш кылды. Кыргызстан мындай органды түзүү боюнча пилоттук долбоорду демилгелөөгө жана өз ара аракеттенүүнүн биринчи этабы үчүн платформаны сунуштоого даяр. Кыргыздын залкар ойчулу Жусуп Баласагын айткандай:"Билим – адамдын жолун жарык кылган нур".

Биз биргеликте биздин аймакты санариптик инновациялардын жана туруктуу өнүгүүнүн борборуна айланта алабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев. 

Адылбек Касымалиев глобалдык санариптик хаб болууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Бул контекстте ал аймактык долбоорлорду башкаруу жана стратегияларды тегиздөө үчүн бирдиктүү координациялык орган түзүүнү сунуш кылды. Кыргызстан мындай органды түзүү боюнча пилоттук долбоорду демилгелөөгө жана өз ара аракеттенүүнүн биринчи этабы үчүн платформаны сунуштоого даяр. Кыргыздын залкар ойчулу Жусуп Баласагын айткандай: "Билим – адамдын жолун жарык кылган нур".