Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда жылына 12 миңдей жол белгиси жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жол белгилерин жасаган устаканасы 2023-жылы март айында ачылган.
Андан бери устаканада күнүнө 300дөй, ал эми жылына 12 миңдей жол белгилери жасалууда.
Жол белгилерин даярдоо үчүн материалдар Россия, Казакстан жана АКШдан алынууда.
Белгилер бардык аймактарга орнотулууда. Алар 7 жылга чейин өзүнүн сапатын жоготпой турат.