Жыл башынан бери дээрлик 302 миң айдоочу жол эрежесин бузду

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 15:00
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Жыл башынан бери 301 миң 222 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан тартып мас абалында унаа башкарган 2 миң 652 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган.

Эреже бузган айдоочулар боюнча ЖКККББнын толук маалыматы төмөнкүдөй:

- 3 миң 715 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- 48 миң 118 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган;

- 1 миң 628 айдоочу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар;

- 9 миң 820 айдоочу тийиштүү документтери жок унаа башкарган;

- 251 айдоочу автоээнбаштык кылган;

- 150 миң 409 айдоочу жол белгилерине баш ийбеген;

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 39 миң 434 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.