Жумабай уулу: Өз өмүрүн тобокелге салган корукчулардын эрдиги бааланышы керек

Пикир Загрузка... 03 Март 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-03-03 at 08.54.28.jpeg
copyright icon Кабар Акназик Тургунбаева

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Өлкөдө браконьерлик менен күрөшүүдө кызмат өтөп, өз өмүрүн тобокелге салган корукчулардын тайманбас эрдиги бааланышы керек. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине Илбирстерди коргоо фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу билдирди.

Анын айтымында, 3-март - Бүткүл дүйнөлүк жаратылышты коргоо күнүн утурлай корукчулардын эмгегин даңазалоо максатында жыл сайын мыкты делген корукчуларды сыйлоо аземи өткөрүлүп келет.

“11 жыл ичинде жалпы 170тен ашуун корукчу сыйланды. Корукчулардын жумушу абдан катаал. Суукка, ысыкка карабай бийик-бийик чокуларда, шар аккан сууларда өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып өлкөм үчүн деп жан үрөп кызмат өтөп келишет. Аларга аз да болсо, дем болсун деп биз ушул сыйлыкты уюштурганбыз. Алдыда буюрса мындан да жакшы сыйлыктар берилет”,-деди ал.