Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жыл сайын өткөрүлчү браконьерлик менен күрөшүүдө кызмат өтөгөн корукчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара 3-март - Бүткүл дүйнөлүк жаратылышты коргоо күнүн утурлай Илбирстерди коргоо фонду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана “Элдик Банк” ААКнын колдоосу менен уюштурулду.
Ага Илбирстерди коргоо фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Марат Жусупбеков жана “Элдик Банк” ААКнын өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны оболу Илбирстерди коргоо фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу ачып, өз сөзүндө илбирстерди сактап калуу маселесин көтөрүп, корукчулардын мыйзам бузуучуларды кармоодогу кыйынчылыктарын айтып берди.
Андан соң өлкөнүн кайтарылып турган аймактарында браконьерлерди кармоого көмөктөшкөн мыкты делген корукчулар сыйланды.
Иш-чаранын соңунда өлкөбүздүн табигый мурастарын сактаган адамдар, алар кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп келгендиги тууралуу баяндалган “Корукчунун жашоосу” аттуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.