Жол кырсыгынан жабыркагандар 5 күндүн ичинде камсыздандыруу компаниясына кайрылуусу керек

Коом Загрузка... 03 Март 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-03-03 at 13.47.37.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Эгерде адамдар кырсыктын кесепетинен жабыркаган болсо, анда 5 күндүн ичинде камсыздандыруу полисин алган камсыздандыруу компанияга кайрылуу керек. Бул тууралуу “Биринчи радионун” Экономика жана коммерция министрлигинин банктык эмес финансы рыногу боюнча саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Саматов билдирди.

Анын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы корутунду бергенден кийин камсыздандыруучу компания бул документтин негизинде жабырлануучуга камсыздандыруу компенсациясын төлөп берет.

“Камсыздандыруунун баасы унаанын түрүнө, айдоочунун тажрыйбасына жана бонус-малус принцибине жараша болот. Эгерде айдоочу мурунку жылдары кырсыкка кабылбаса, быйыл камсыздандыруу полисинин баасы арзан болот. Баага автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү да таасир этет, ал канчалык чоң болсо, камсыздандыруунун баасы да ошончолук жогору болот”, - деп белгиледи Саматов.