ЖККБББ: Орозо айтта жол киренин баасы көзөмөлдөнөт

Коом Загрузка... 27 Март 2025 18:51
IMG_3759.jpeg
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Айт күндөрү такси кызматынын айдоочулары жол кирени өз алдынча көтөрүп алууларына жол берилбейт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автобекеттерден Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Айрым айдоочулар майрам күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн, ошол сепептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы андай фактыларга жол бербөө үчүн, айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин өткөрүшүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилери айтылды.

Белгилей кетсек, учурда автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө.