Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” комплексинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын чет өлкөлүк рынокторго таанытууга, инвестиция тартууга жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрү өтүүдө. Аны Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаевдин “Кабар” агенттигине билдирүүсү боюнча, көргөзмөлөргө Кыргызстан, Россия, Түркия, Пакистан, Өзбекстан, Казакстан баштаган жети өлкөнүн компаниялары катышууда. Алар өз продукцияларын сунуштап, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.

Анын айтымында, көргөзмөдө тамак-аштан тартып өнөр жай товарларына чейинки ата мекендик продукциялар көрсөтүлүүдө. Ошондой эле иш-чарага чет өлкөлүк инвесторлор, мамлекеттик органдардын жана инвестиция тартуу менен алектенген мекемелердин өкүлдөрү катышууда.
“Көргөзмөнүн негизги максаты — кыргызстандык ишкерлердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү продукцияны эл аралык рынокторго чыгаруу жана жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзүү”, — деди Авазбек Керимбаев.
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн арасынан көргөзмөгө “Илбирс” компаниясы катышууда. Компания Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктары үчүн жеңил брондолгон жана атайын багыттагы унааларды чыгарат.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Эрнест Молдошевдин айтымында, учурда көргөзмөдө брондолгон техниканын төрт үлгүсү сунушталууда. Унаалар Кыргызстандын аймагында жергиликтүү адистер тарабынан чогултулат. Алар Куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарда, ошондой эле баалуу жүктөрдү ташууда колдонулушу мүмкүн.
“Унаалар ар кандай милдеттерге ылайык жабдылат. Алардын арасында командалык-штабдык, чалгындоо, колонналарды коштоо жана инженердик унаалар бар. Келечекте өндүрүштүн айрым бөлүктөрүн жергиликтештирүүнү пландап жатабыз”, — деди Эрнест Молдошев.
Ал кошумчалагандай, компания аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү жана сатуу лицензиясына ээ.

Көргөзмөгө ошондой эле Өзбекстандын VMEX компаниясы да катышууда. Ишкананын башкы директору Мукаддас Өздемирдин айтымында, Ташкентте жайгашкан компания буу жана суу жылытуучу казандарды, кеңейтүүчү бактарды жана бойлерлерди чыгарат. Бишкекте анын суу жумшартуу жана чыпкалоо жабдууларын саткан өкүлчүлүгү бар.
Ишкер келечекте Кыргызстанда өндүрүш ачып, ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирди.
“Көргөзмө абдан жакшы өтүп жатат, келгендер көп. Казандарга жана бойлерлерге суроо-талап жогору. Бүгүн эртең мененден бери эле 30га жакын адам бул жабдууларга кызыгып, сурап кайрылды. Айрыкча буу казандарына, анын ичинде көмүр менен иштеген казандарга муктаждык чоң. Келечекте Кыргызстанда туруктуу иш алып барууну каалайбыз”, — деди Мукаддас Өздемир.

Ал эми Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Мехер Кашиф Юнис эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, Лахордо Кыргызстандын соода үйү ачылган. Ал жерде кыргызстандык ишкерлердин продукцияларын жайгаштыруу жана аларга кардарларды табуу пландалууда. Ошондой эле Бишкекте Пакистандын соода үйүн ачуу демилгеси бар.
Ардактуу консулдун белгилешинче, соода үйлөрү ишкерлердин ортосундагы байланышты бекемдеп, продукцияларды сатууга жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Пакистан Кыргызстанда фармацевтикалык компанияларды ачууга көмөктөшө алат. Ал эми Кыргызстан санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Биздин орток багыттарыбыз көп. Эки өлкөнүн ишкерлери биргелешип иш алып барса, жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деди Мехер Кашиф Юнис.

Анын айтымында, Кыргызстан аркылуу пакистандык ишкерлер Борбор Азия жана Евразия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыга алышат. Ал эми кыргызстандык ишкерлер үчүн Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш жана Түштүк Азия рынокторунда мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Мехер Кашиф Юнис өткөн жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапары учурунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 200 млн долларга жеткирүү максаты коюлганын эске салды.
Көргөзмөлөр 17-октябрга чейин уланып, катышуучуларга жаңы өнөктөштөрдү табууга жана кызматташтык келишимдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Иш-чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын чет өлкөлүк рынокторго чыгарууга жана инвестиция тартууга багытталган. Ошондой эле Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.