Жер мунапысы. Бишкекте 10 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 18:16
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.12.15.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.25. / Кабар/. Бишкек шаарынын аймагындагы жерлерге мунапыс берүү боюнча түзүлгөн комиссияларга жарандардан 10 миң 453 арыз кабыл алынган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 9 миң 480 арыз каралып, 4 миң 97 жаранга кызыл китеп берилди.

“Борбор калаада жарандардын мунапыс объектилерине менчик укуктарын камсыз кылууга багытталган жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга ылайык арыздарды кабыл алуу улантылууда. Калган арыздар боюнча да иштеп жатабыз. Бир эле жер канча көп кишиге сатылып кеткен болсо, териштирүү ишине да ошончолук көп убакыт кетип жатат”,-деди ал.