Жеке ветеринарлар мамлекеттин карамагына өтөт: Жаңы ишкана тууралуу ардагер адис эмне дейт?

Коом 134 19 Август 2026 15:50
723728472_3875557972587373_8045104047982176798_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Жеке ветеринардык дарыгерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү эң туура чечим. Бул тууралуу ардагер ветеринар Жалил Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ветеринардык адистер айыл жергесинде малдын саламаттыгын сактоодо, жугуштуу оорулардын алдын алууда жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошууда маанилүү роль ойношот.

Ошол эле учурда алардын эмгек шарттарын жана социалдык кепилдиктерин жакшыртуу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Ардагер ветеринар белгилегендей, адистерди мамлекеттик колдоого алуу ветеринардык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, квалификациялуу кадрларды айыл жеринде кармап калууга жана мал чарбасындагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана мал доктурларды шыктандыруу максатында “Мал аман” мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда.

Жаңы мамлекеттик ишканага алгачкы этапта 1,5 миңге жакын жеке ветеринар ишке алынат. Алар мамлекеттик тапшырмаларды, анын ичинде малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана тиешелүү ветеринардык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштерди аткарышат.

Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга айлык акы төлөнөт. Мындан тышкары, ветеринарлар малды дарылоо, операция жасоо жана башка ветеринардык кызматтарды көрсөтүү аркылуу жарандардан акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ветеринарлардын айлык акысы 30–40 миң сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле алардын ишинин натыйжасына жараша кошумча бонустар каралып, жалпы киреше 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

“Мал аман” мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу баскычында турат.

Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү жаңы жылдан тарта пландалууда.