Жаңы бийлик келээри менен мурунку мамлекеттик башкаруу системасын бир сыйра ревизиядан өткөрүп өлкөдө эффективдүү жана мобилдүү бийликтин вертикалын түзгөнгө жетишти. “Бүгүн биз оор экономикалык кырдаалда, кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз. Биздин жарандар баарыбыздан натыйжалуу ишти күтөт. Эгерде биз башкарууну өркүндөтпөсөк, экономика болобу, социалдык болобу, кайсы тармакта болбосун, элибизди канааттандыра турган натыйжаларга кыска мөөнөттө жетишүү дээрлик мүмкүн эмес”,- деп 2021-жылы президент Садыр Жапаров айткан.
Бүгүн административдик-аймактык реформанын натыйжасында ашынган бюрократизм жоюлуп, калктуу конуштарды ирилештирүүдөн кийин штаттык бирдиктер кыскарып, башкаруу үчүн жоопкерчилик жогорулап, бул чаралар эл менен чечим чыгаруу органдарынын ортосундагы байланышты жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берди. Аткаминерлерге жан кирип, кадимкидей кыймылдап, иштей баштаганы байкалат. Эми мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондун акимдери жарандар менен тынымсыз байланышта болуп, алардын иштери отчеттор менен бааланбай, облустун тургундарынын сын-пикирлери менен таразаланып калды. Бүгүнкү маалыматтык технологиялардын доорунда жер-жерлерде иштин чыныгы абалын жашыруу мүмкүн эмес, ал эми кылган иштерин асманга жеткизип кооздогон аларга аброй алып келбейт.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев олуттуу реформалардан кийин жана биринчи кезекте Конституцияны өзгөртүүнүн аркасында өлкөдөгү иштердин абалы үчүн бардык жоопкерчилик президентке жүктөлгөнүнө көңүл бурат. Эми президент жергиликтүү чиновниктерди жөн эле дайындап же көзөмөлдөп тим болбостон, ар бир жетекчинин ишмердүүлүгүн жеке талдап, зарыл болгон учурда тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
«Бул көп жылдардан бери калыптанып калган бюрократизмге, жетекчилердин жоопкерчиликсиздигине жана шалаакылыкка катуу сокку болду. Элдин тагдыры үчүн толук жоопкерчиликти президент өзү алып, өлкөнү башкаруу дагы бир колго өттү. Өкмөттүн жана президенттин бирдиктүү аппараты түзүлдү, бул штаттык санды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди. Мунун баары мамлекеттик органдардын арасында темирдей тартипти камсыз кылып, аларга тапшырылган иш багыттары үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзүлдү. Эми 4 жылдан кийин биздин чакан республикабыздын шартында президенттик башкаруу системасы өзүн толук актады деп толук ишеним менен айта алабыз.
Ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, 2024-жылы 1,5 триллион сомдон ашканы буга ынандырарлык далил боло алат. Мында жалпысынан республика боюнча экономиканын өсүшү 9 пайызды түздү. Бул чоң ийгиликти дүйнөлүк каржы уюмдары да тааныды. Эми биздин жалпы милдетибиз – 2025-жылы өндүрүштүн өсүшүнүн ушундай жогорку темпин бекемдөө», - деп белгилейт Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев салык чөйрөсүндөгү орун алган көрүнүштөрдүн мисалын терс көрсөткүч деп эсептейт. Албетте, мамлекет башчысы жер-жерлерден маалымат алып, бизнеске ашыкча басым жасалып, коррупция болуп жатканы тууралуу сигнал түшөөр замат кескин чараларды көрдү.
«Салык системасындагы терс көрүнүштөр бизди абдан капа кылды. Акциздик маркаларга байланыштуу алдамчылыктар белгилүү болду. Бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин карамагында болчу, ошого жараша мыйзамсыз аракеттерди токтотсо болмок. Кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин айынан мен аны кызматтан алууга аргасыз болдум», — деди Садыр Жапаров.
Андан кийинчерээк Садыр Жапаров “Салыктар эл үчүн ашыкча жүккө айланбашы керек” деп расмий түрдө билдирип, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын талдап, бул механизмди ири товарларга гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Президенттин мындай аракеттеринен кийин элдин ага болгон ишеними 85 пайызга чейин көтөрүлүп кетти. Ошентип, Садыр Жапаров өлкөдөгү болуп жаткан иштердин баарын көзөмөлдөп, өз убагында ар тараптуу жыйынтык чыгарып жатканына карапайым калк дагы бир жолу ынанды. “Бул дагы президенттин элдин оюн угуп, элдин маанайына карап, ыкчам жооп берип жатканын айгинелейт», - дейт Жамин Акималиев.
Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев “Кабар” маалымат агенттигине салыктык басымды азайтуу, төлөмдөрдү жана ЭТТК системасын ирээтке келтирүү процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча атайын өкмөттүк комиссия иштеп жатканын билдирди. Ал өз сунуштарын иштеп чыгары менен документти бизнес чөйрөсү менен макулдашуу башталат.
«Бул жумушчу топтун курамына бизнес өкүлдөрү да кирет, анын ичинде мен да бармын. Жөнгө салуучу таасирдин талдоосу жүргүзүлөт жана ага ылайык салыктык башкаруунун ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Ушундай жол менен биз орток пикирге келебиз деп ишенем. Башкача айтканда, мамлекет ишкерлерди укту, туура багытта кадамдар жасалып жатат жана бул, албетте мактоого татыктуу нерсе”, - деп түшүндүрдү Пономарев.
Башка чөйрөлөрдө дагы өкмөт жарандардын коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусу үчүн шарттарды түздү. Мындан улам, жарандар көйгөйлөрдү аныктоого жардам берип, аларды чечүүнүн варианттарын сунуштай алаары айтылды. Ушуга байланыштуу президент менен элдин тикелей өз ара аракеттенүүсүнүн линиясы болуп калган Элдик курултайдын ролу барган сайын күчөп баратканын белгилесе болот.
«Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында гана Кыргызстанда элдик бийликтин, демократиянын курултай сыяктуу маанилүү институту ишке кирди. Улуттук конгресс учурдагы маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, республиканын мындан аркы өнүгүшүнүн актуалдуу маселелерин да карайт. Бул формат – президент менен жөнөкөй элдин ортосундагы ачык сүйлөшүү, мындай формат дүйнөдө эч кимде жок. Бул жөн эле түз диалог гана болбостон, талкууланган темалар, делегаттардын демилгелери кылдаттык менен каралып, ошонун негизинде өкмөттүн негизги чечимдери иштелип чыгат», - деп баса белгиледи Жамин Акималиев.
Курултай — элдик көзөмөл органы. Андан отчеттордун, статистиканын артына жамынып, эч нерсе жашыра албайсың. Эл баарын көрүп, билип, түшүнүт турат. Жарандар менен болгон мындай байланыштын аркасында, президент өлкөдөгү иштердин абалы тууралуу ар тараптуу маалыматка ээ болуп турат. Ал эми мамлекет башчысы өз ишмердүүлүгүндө карапайым кыргызстандыктарды угуп эле тим болбостон, коомдун социалдык муктаждыктарына жараша чечимдерди кабыл алышы маанилүү.