Жашылдандыруу акциясы: Борбор калаада 300дөн ашык көчөт отургузулду

Коом 1033 25 Март 2026 18:40
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.40 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.40 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.46.40.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында жашылдандыруу акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара №108 орто мектепте, №59 жана №7 бала бакчада окуучулардын жана ата-энелердин катышуусунда уюштурулду.

Акциянын алкагында көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу үчүн жалпы 60 түп кайың жана 300 даана тосмо көчөт отургузулду.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муунду айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга тарбиялоого өбөлгө түзөт, ошондой эле шаар аймагын жашылдандырууга багытталган.