Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бардык жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисинин жарактуу мөөнөтүн өз убагында текшерүү зарылдыгын эскертет. Бул иш берүүчү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүүчүлөргө да, ММК полисин өз алдынча сатып алгандарга да тиешелүү экендиги айтылды.
"Акыркы убакта 113 ыкчам номерине кайрылгандар көбөйдү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылган же мамлекеттик ооруканаларга пландуу түрдө жаткырылган жарандар камсыздандыруу полисинин мөөнөтү өтүп кеткен көйгөйгө туш болушууда", - деп белгилешти фонддон.
Мындан улам ММК фонду шашылыш медициналык жардамдан тышкары, колдонуудагы полиси жок болсо жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүн эместигин билдирди.
Ага ылайык, жарандарга камсыздандыруу статусун текшерүү жана зарыл болсо, алдын ала милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу сунушталат.
Полис төлөгөн учурдан тартып 12 ай күчүндө болот.
Кошумча финансылык сарптоолорду болтурбоо үчүн ар бир кыргызстандык өзүнүн камсыздандыруу статусун каалаган ыңгайлуу жерден текшере алат.
- foms.kg/ru/status/ сайтындагы өзүңүздүн паспортуңуздагы 14 белгиден турган ИЖН киргизесиз;
- "ММКФ" мобилдик тиркемесин пайдаланасыз;
- Күнү-түнү иштеген 113 кыска номерине байланыша аласыз.
Эмне үчүн өзүңүздүн камсыздандыруу статусуңузду билгениңиз өтө маанилүү?
- Камсыздандырылган жарандын статусу ММК программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жеңилдетилген дары-дармектерди алууга укук берет.