Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө эл аралык процесстердеги Пакистандын орду жана ролу барган сайын өсүп жатат.
"Пакистан сиздин жетекчилигиңиз алдында мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, экономикасын өнүктүрүп жана эл аралык аренадагы аброюн жогорулатып жатканын кубануу менен белгилейм. Кыргыз-пакистан мамилелеринин чыңдоого кошуп жаткан сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелер жок экенин канааттануу менен белгилейм.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалог өзгөчө активдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ болду. Биздин мамилелерибиздин азыркы этабын жогорку саясий диалогдон практикалык өнөктөштүккө өтүү этабы катары карайм. Анткени сиздин бул сапарыңыздын алкагында соода, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрө менен климаттын өзгөрүшүн коргоо, виртуалдык активдер жана башка тармактар боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коёбуз", - деди президент.
Ошол эле учурда Садыр Жапаров жогорку сапарлардын жана бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алкагында жетишилген бардык макулдашуулардын ишке ашырылуусун көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.