Жакында кыргыз-кытай чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат

Экономика 18 март 2025 14:50
485447299_18058644584030483_5308563269735308601_n.jpg
484651589_18058644593030483_3894366341922464779_n.jpg
Алдыга
Артка
485447299_18058644584030483_5308563269735308601_n.jpg
484651589_18058644593030483_3894366341922464779_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Жакында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Торугарт көзөмөл-өткөрмө жайында Кытай менен эл аралык почта алмашуу пунктун ачууга даярдык аяктап жатат. Ачылышы 2025-жылдын апрель айына, ал эми тутумду тестирлөө март айына пландалууда.

"Жаңы пункт почта жана электрондук соода жүктөрүнүн иштетүү убактысын тездетип, эки өлкө ортосундагы логистиканы жакшыртат. "Жашыл коридор" механизминин киргизилиши жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартып, ишкердик жана соода үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.