Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттар жабылат. Себеби

Коом 1 апрель 2025 14:44
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттар жабылат. Себеби

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. 4-апрелде кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чечим кытай тараптып демилгеси менен Кытайда "Цинмин" майрамын майрамдоого байланыштуу кабыл алынды.

Чек ара пункттары 5-апрелде ачылып, адамдар жана жүктөр өткөрүлө баштайт.