Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан "Көк-Айгыр" чек ара бөлүмү туруктуу электр энергиясы менен камсыз болду.
Райондук администрациянын маалыматына ылайык, бул үчүн "Торугарт" 110/10 кВ көмөк чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, кубаттуулугу 160 кВА болгон эки трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы орнотулду.
"Буга чейин чек ара бөлүмү электр энергиясын дизелдик генератор аркылуу чектелүү убакытта гана алып келген. Эми туруктуу электр энергиясынын берилиши чек ара кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.