Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 31 Январь 2025 16:01
WhatsApp Image 2025-01-31 at 15.43.21.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө ирригациялык системаны жакшыртууга багытталган бюджеттик акча каражатын чыгаруу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы (азыркы Панфилов районунун Курама а/а башчысы) К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан.

Кармалган адамдар соттун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.