Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Жабыркаган адам мерт кеткен

Кырсык Загрузка... 12 Февраль 2025 12:19
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жөө жүргүнчүнү мертинте сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 11-февралда болжол менен саат 03:50 чамасында Сузак РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун Ак-Баш айылынын унаа жолунда белгисиз адам денесинен жаракат алып жатат деген маалымат түшкөн.

Аталган дарекке Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери барган учурда азият улутундагы 55-60 жаштар чамасындагы белгисиз жаранды авто унаа сүзүп, жол кырсыгынан көз жумгандыгы жана айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары “Lexus ES300” үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган М.О. аттуу айдоочусу кармалып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.