Өзгөндө инновациялык долбоор аркылуу 8 адам иш менен камсыздалды

Аймак 15 сентябрь 2026 23:40
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.35.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Инклюзивдүү технология” инновациялык долбоорунун өндүрүшү толук кандуу иштеп, 8 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун ишке ашырылышына министрликтин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан көчмө мониторинг жүргүзүлдү. Анда өндүрүштүк жабдуулардын колдонулушу жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы текшерилди.

Долбоордун алкагында матрастар, жууркандар, пледдер жана шейшептер өндүрүлүп, заманбап автоматташтырылган технологиялар колдонулууда. Мониторингдин жүрүшүндө долбоордун учурдагы абалы жана жетишилген натыйжалары талданып, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага министрликтин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.