Өзгөн районунда 150 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Коом 1555 10 Март 2025 14:33
IMG_0370.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0366.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0367.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0368.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0371.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
IMG_0370.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0366.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0367.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0368.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0371.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Прогресс айылында Т.Орозов атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектеп 150 окуучуга ылайыкталган.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда, курулуштун тендердик баасы 79 млн.

Маалым болгондой, мектеп L формасында курулуп, үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Ошондой эле имаратта окуу бөлмөлөрүнөн тышкары китепкана, дарыгердин кабинети, ашкана жана актовый зал жайгашып, мектеп окуучуларынын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушка даярдыгы 60% түзүп, иш пландалгандай жүргүзүлүүдө.