Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Пристань Пржевальск айылынын көл жээгинде музга жабышып, кыймылдай албай калган ак куу куткарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана «Эко Надзор» коомдук уюмунун активисттеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында куштун өмүрү сакталды.
Белгилүү болгондой, ак куу көлдүн музунда тоңуп, критикалык абалда табылган. Суук аба ырайы жана муздун жукалыгына карабай, тез арада куш коркунучтуу жагдайдан чыгарылган.
Куткарылган ак куу Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркына алып барылып, ал жерде реабилитация аракеттери жүргүзүлгөн. Куш калыбына келген соң кайра көлгө кое берилди.