Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунун Корумду айылында жаңы жол боюндагы туристтик тейлөө объектиси —Rest Point ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирет.
Маалыматка ылайык, бул жай туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы Rest Point туристтердин жана саякатчылардын жол жүрүү учурунда эс алуусуна, санитардык-гигиеналык кызматтарды пайдалануусуна жана башка зарыл шарттар менен камсыз болушуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындай объекттерди өлкөнүн аймактарында өнүктүрүү туристтик инфраструктураны жакшыртууга, саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстандагы жол боюндагы сервистин сапатын жогорулатууга багытталган.