Ысык-Көлдөн бүгүн 1000 метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Аймак 2218 04 Январь 2026 19:47
FB_IMG_1767533654043.jpg
FB_IMG_1767533661895.jpg
FB_IMG_1767533656664.jpg
FB_IMG_1767533651650.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767533654043.jpg
FB_IMG_1767533661895.jpg
FB_IMG_1767533656664.jpg
FB_IMG_1767533651650.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 4-январда Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор аныкталып, алынды.

Бул иш-чаралар биоресурстарды коргоо, браконьерликке бөгөт коюу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын министрликтен белгилешти.